Это интересно

  • ОКД
  • ЗКС
  • ИПО
  • КНПВ
  • Мондиоринг
  • Большой ринг
  • Французский ринг
  • Аджилити
  • Фризби

Опрос

Какой уровень дрессировки необходим Вашей собаке?
 

Полезные ссылки

РКФ

 

Все о дрессировке собак


Стрижка собак в Коломне

Поиск по сайту

Асыл ойлор (Рубаилер ). Шоокум журналы асыл ойлор


Учкул сөздөр, асыл ойлор, цитаталар.

🍃 Шейх Абдуррахман ас-Саади :“Бизге (б.а. адам баласына) таң калам!Дүнүйө иштерин жакшыртууга умтулабызБирок динге көңүл кош мамиле кылып, таштап салабыз!»📖 (аль-Фаваких аш-Шахиййа: 212)

 

💡 Имам Малик Ибн Динар “Сага пайда бербеген достон сактан” (б.а. сен аны менен отурганда сөзсүз бир жакшылык алышың керек, эгер андай эмес болсо – ал пайдасыз адамды өзүңө дос тутпа)!📙 (Ибн Аби Асим “аз-Зухд”: 82)

 

❓ Саид Ибн Жубейрден сурашты:“Адамдардын ичинен эң жакшы ибадат кылган ким?”❗ Жооп берди:“Күнөө кылып, ошол кылган күнөө амалын эстеген сайын, бүгүн кылып жаткан ибадатын аз деп көрүп, Аллах алдында өзүн пас сезген адам”📘 (аль-Бидая ва ан-Нихая: 9/99)

 

⚡ Шейх аш-Шынкыти :“Эгер мусулмандын башына кандайдыр бир жаман иш келсе – ал Аллах Таалага ибадаттардын ар кандай түрү менен жакындаганга аракет кылсын. М: намаз ж.б.”📗 (Адваа’ аль-Баян: 2/323)

 

📊 Имам Ибн аль-Каййим :“Дүнүйөнү сүйгөн адам үч нерседен кутула албайт: сөзсүз болчу сарсанаа, дайыма аны коштоп жүрчү чарчоо жана эч түгөнбөгөн жоготуу-жоготуу”.📚 (Игасат аль-Ляхфан: 1/58)

 

🗣 Ибн Хазм :“Өтө орчундуу маселелер чыкканда – унчукпай коюудан өтөөр эч нерсе жок. Канчаларды көрдүк: алардын сөдөрү өздөрүн курутканын. Бирок бир да жолу көрө алган жокбуз: адамдын унчупаганы ага залакасын тийгизгенин”.📕 (ар-Расаиль: 1/402)

 

Хасан ал-Басри :“Момундун эң жакшы ахлагы – кечиримдүүлүк”(ал-Адаб аш-Шариъа: 1/81)

 

Шейх Мухаммад Солих ал-Усаймин :“Сираны (Пайгамбардын ﷺ өмүр баянын) окуу жүрөккө ажайып таасир берет. Себеби инсан алар менен бирге жүргөндөй өзүн сезип, ошол нерсе менен жүрөгү жумшарат.”(Фатава Нур ала ад-Дарб: 19/12)

 

Робиъ ибн Анас :“Аллахты сүйгөнүңдүн белгиси: Аны көп эстегениң (зикр кылганың). Себеби сен эмнени сүйгөн болсоң аны көп эстейсиң»(Мадариж ас-Сааликин: 2/163)

 

Имам Ибн Баз :“Зикрден (Аллахты эстөөдөн) жана Куран окуудан кайдыгердикте болуу — шайтандар инсанга ээлик кылып, ага көп васвастарды (азгырыктарды) ыргытып жана кайгыга түшүрүүсүнүн себептеринин бири”(Нур ала ад-Дарб: 19507)

 

© ИсламЖолу

islamjolu.kg

Асыл ойлор (Рубаилер ) , Качкыналы Сыдыгалиев

Асыл ойлор  (Рубаилер ). төртүнчү басылышы, автору Качкыналы Сыдыгалиев.

Рубаи төрт сап ыр. бул жанр чыгыш элдеринин классикалык поэзиясында кеңири орун алган. ал кыска болгону менен окурмандардынга терең философиялык ой калтырат. Белгилей кетчү нерсе, төрт саптан турган ар кандай ыр рубаи боло бербейт, ал үчүн жалпылаштырган философиялык ойдун болушу зарыл.

Автордон: Мен окурмандарга сунуш кылган рубаи китеп ааламга аты чыккан белгилүү илимпоз, акын Омар Хайямды туурагандыкка жатпайт. Жогоруда айтылгандай ар кимдин өз оюу, өз жолу тагдыры бар. Мен да чубалган көчкө кошулуп, көп менен аралашып келатам. Максатым кыргыз элинин кылымдап келаткан ата салтын, адеп ахлагын, акыл сөзүн, ыйман ырыскерлигин рубаи жанры аркылуу окурмандарга жеткирип, ойуна ортоктош болуу.

  Рубаи жанрынын үстүндө эмгектенгенде, турмуштун көрүнгөн-көрүнбөгөн татаал суроолоруна жооп издөөдө, жаратылыштын жандуу агымынан, доордун топураган калың катмарына, тумандаган турмуштун арасынан асыл ойду издеп таап элге тартуулаш мен үчүн сыймык, чексиз бакыт.

Рубаи башка ырга окшоп шыдыр окуганды жактырбайт. Рубаи токтоп, ойлонуп окушту талап кылат. Жаңыртылган жаңы рубаи китеп окурмандарды кайдыгер калтырбай кызыгуусун арттырарга ишеним чоң....

китептен үзүндү:

1064

Бул дүнүйө турса дагы болуп жарык,

Ууруга кең дүйнө турат тарып.

Калп айтып кутулам деп ойлобогун,

Чындыкка такаласың акыр барып.

1984

Сүйүү кумар, кумарланып ойнойсуң.

Канча болсо, сен сүйүүгө тойбойсуң.

Өмүр бою жаштык мезгил турса деп,

Атаганат айрым кезде ойлойсуң

2590

Ыйласаң да, туйласаң да өмүр өтөт,

Жамандыкты жакшылы кууп өтөт.

Бир сөздү кайталаса кайра -кайра,

Ал сөздүн соолуган гүлдөй баркы кетет.

2707

Аял сүйсө куштар кылат эркекти,

Кошо ичет арак менен шербетти.

Акырында ичкиликке алдырып,

Бырыш басат бетиндеги берметти.

2711

Тарта ич деп айласыздан айтылат сөз,

Такыр ичпе дейт элем көзмө-көз.

Ичкен үйдө ишенип кой тынчтык жок,

Ичсең ташта, болсо сенде акыл-эс.

3106

Адамга абийир деген өтө керек,

Көрбөйт деп ууру кылба, Кудай көрөт.

Тирүүңдө колго түшпөй аман калсаң,

Өлгөндө сазайыңды Кудай берет.

kitepkana.kg

Кыргыз Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин “Асыл ойлор антологиясы” китебинин бет ачаары өттү

IMG 211125-июнда КР УИАда Кыргыз Эл жазуучусу, Эл агартуунун отличниги Калканбай Ашымбаевдин “Асыл ойлор антологиясы” китебинин бет ачаары болду. Анда жазуучунун өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө сереп салынып, чыгармачылыгына баа берилди.

IMG 2088 IMG 2113

 IMG 2097

Белгилүү философ, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Теңдик Аскаров жазуучуну кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы өзүнчө изи жана жолу бар белгилүү авторлордун бири экендигин белгилеп: “Калканбай Ашымбаевич  айтаар оюн философиялык жана турмуштук этюддар менен берген, тилдин уңгусун мыкты билген адабиятчылардын бири. Тилдин байлыгын, лексикасын, философиясын жана психологиясын мындай деңгээлде ачып берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт.Жазуучунун чыгармаларын чарчаган убактарда окуп эс алып, эмгектеримдин үстүнөн иштеп жатып сөз таппай калган учурларда колдонуп жүрөм.  Чыгармаларынын арасынан “Азат көчү” деген тарыхый романы жөнүндө айтып өтсөм, анда жалпы кыргыз элинин тагдырына тиешелүү социалдык чоң өзгөрүүлөргө бай маселелери тууралуу сөз болуп, жүз жыл мурда элдин кандай турмушта жашап, кандай окуяларга туш болгондугу, кагылышуулар жөнүндө баяндалат. Китептен бир кылым мурунку суроолордун жообун табууга болот. Ал эми жаңы жарык көргөн “Асыл ойлор антологиясы” чыгармасы болсо азырынча маани-мазмуну боюнча теңдеши жок жалгыз китеп”, - деди. 

IMG 2108

 IMG 2121 IMG 2098

      Жазуучунун кезектеги “Асыл ойлор антологиясы” чыгармасынын өзөгүн кыргыз адабиятынын философиялык жаатындагы притча, афоризм, санат, терме сөздөргө жык толгон асыл ойлор түзөт. Китептин баш сөзүн филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева жазган. Эмгектин мазмуну “Даанышмандык дарс”, “Мамбеталынын айтканы”, “Кадимден калган сөз - карыда”, “Жети акелердин мурастары” деген бөлүктөрдөн турат. Буга чейин автордун жыйырмадан ашык роман, повесттери, беш жүздөн ашык очерк, публицистика, фельетон жанрындагы көркөм чыгармалары жарык көргөн.

    Бет ачаарга КР УИАнын окумуштуулары, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, жазуучунун туугандары жана автордун чыгармаларына кызыккан окурмандары катышты. 

naskr.kg

Түбөлүк тур, касиеттүү Ала-Тоо! Арыба, айкөл Кыргыз эли! - Эскерүүлөр - Статьи - Иптаров Сабыр

2014-жылдын 4-октябрь күнү бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар түгөл белгилеген Ыйык Курман айт майрамы болчу. Курмандык – мусулманчылыкта “кудайга жакындоону, Мээрими чексиз Жаратканга сүйүүнү, берилгендикти” туюнтат эмеспи. Ошондуктан дал ушул күнү адам-пенде өзүнүн “эӊ жакшы көргөн табылгасын” кудайга арнап курмандыкка берет. Таӊ заарда айт намазына жыгылып, андан соӊ адаттагыдай жакшы санаалаш жакындардын үйүнө айттап барууга жөнөдүм. Биринчи кезекте эле Сабыр  агайдын үйүн көздөй жол тарттым. Алдын ала кабар берип коёюн деп чөнтөк телефонумдан коӊгуроо кылдым: “Алоо, саламатсызбы, Сабыр агай? Курман айт майрамыӊыз кут болсун!”. Бирок, тилекке каршы, бул жолу агайдын жагымдуу үнүн уга албадым. Көпкө үн катпай турган бейтааныш бир киши үнү кыргылданып, “Айланайын уулум, эмне дээримди да билбей турам, азыр эле агайыӊдан айрылып калдык...” деп, оор үшкүрүнүп жиберди. Төөмдөн ылдый муздак суу төгүлгөндөй, бүт денем муздап, калтырап кеттим. Көздөрүм бозоруп, жүрөгүм калтырап, эмне болуп кеткенин да түшүнбөй калдым. Бир күн мурда телефон аркылуу сүйлөшүп, ал-абал сурашпадым беле? Атүгүл эртеӊ курман айт күнү үйүнө айттап барарымды да айткан болчумун. Жол жээгинде эч жакка кете албай, жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, эмне кыларымды билбей көпкө туруп калдым. Сабыр агай менен биргеликте өткөргөн күндөрүм кино тасмадай чубуруп, көз алдымдан өтүп турду. Жараткандын буйругу! Кыргыз эли Ыйык Курман айт күнү эӊ мыкты уулунан айрылган тура... Түрдүү ойлор түрмөктөлүк келе берди.

Бирок, акыйкатта “Ар бир жан ээси өлүмдү татат” эмесби?! (Анбия сүрөсү, 21/35)  Арийне, «Жaн» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денеге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар жерде дем, дем бар жерде жан, жан бар жерде өлүм бар. Абалтан келаткан акыйкат ушул” (Сабыр Иптаров).

“Жакшы адамдын өмүрү кыска болот” деп айтылат кыргыз накыл кебинде. Өзгөчө, өз эли үчүн каруусун казык, канын азык кылып кызмат өтөгөн азаматтар чанда кезигет. Бүт өмүрүн, акыл-дараметин, кайрат-күчүн элинин жаркын келечеги үчүн арнаган адамды кыргыздар “эл уулу” деп аташып, “эл уулу болуу” эӊ кымбат, асыл баа экенин ырастаган.

Асыл адамдан ажыраганыбызга мына быйыл 2 жыл болду. Бул көп кырдуу чыгаан инсан тууралуу айтууга сөз таппай апкарып турабыз. Агай менен көп жыл чогуу кызматташып, көп нерсени сүйлөшкөнбүз, бирок, өзү тууралуу көп айтчу эмес. Көрсө, залкардын жөнөкөйлүгү ушунда турбайбы. Жакындарынын айтуусунда Сабыр агай Кочкор айылында төрөлүп (1956), айылдык орто мектепте билим алып, кичинесинен зирек бала болгон экен. Жаштайынан илим-билимге умтулуп, борбор калаага келип улуттук университетти артыкчылык диплом менен бүтүрүптүр (1979). Эмгек жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин президиумунда Улук консультант (1981), Протокол бөлүмүнүн башчысы болуу менен башталып (1983), бирок, ошол мезгилдеги жогорку эшалондо болуп жаткан ар кандай формалдык иш-чараларга, Компартиянын туура эмес саясатына макул эместигин билдирип, жогорку кызмат ордунан баш тарткан тура. Адатта, адам-пенде мансап артынан абийирин айрандай төккөн учурлар көп кездешет эмеспи. Бирок абийири таза адам антпептир, жогорку баскычтан төмөнкү баскычка өз каалоосу менен секирип, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте жөнөкөй мугалим, катардагы тарбиячы болуп иштей баштаганына таң каласың (1985). Асыл адамдын мындай кадамына “колтук” дегенде кошоматтык кылуудан да кайра тартпаган ошол мезгилдин адамдарынын көзү менен караганда, албетте, таңыркабай коё албайсың. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясында иштей баштаган күндөн тартып (1987), Сабыр агай билим берүү тармагына баш оту менен кирип, бүт өмүрүн коомдун агартуусуна арнаган.

Өлкө жаңы эле эгемендүүлүккө ээ болуп, бирок ошону менен катар кыргыз коомун түрдүү дүйнө таанымдар, ар кандай көзү ачык окуулар, диний көз караштар жамгырдан кийинки козу карындай каптаган учурда, Сабыр агай жалпы журтчулуктун дартын жаземдебей байкап, руханий илдетке көсөмдүк менен диагноз коюп, улуттук асыл наркты, жан дүйнө көрөңгөнү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды заман талабына жараша чечмелеп, жаштардын акылына жарык чачты. Биринчилерден болуп орто мектептерге “Адеп” сабагын киргизүү үчүн атайын концепция иштеп чыкты. Кайран кыргыз уулу, бул улуу идеясын жүзөгө ашырууда айрым кем акыл кемпайлардын тоскоолдугуна да дуушар болду. Атүгүл, сот процесстерине катышып, кыргыз коому үчүн зарыл идеяны актап, өз оюн ырастоого да туура келди.

Сабыр агайдын эӊ негизги өзгөчөлүгү, адамдык асыл нарктарды тереӊ маанисинде чечмелеп, ийне-жибине чейин иликтеп, түрдүү таанымдардын, түшүнүктөрдүн гармониясында өз табылгасын ортого койгондугунда болчу. “Дүйнө тааным окууларында адегенде («А» дегенде) жаратылыш жаралган, андан адам төрөлгөн, анан коом курулган. Адам – бул экөөнүн данакери. Абалтан ата-бабабыз Адам насилин артыкча аӊдап, астейдил баалаган? «Адам адам менен адам», «Адам болуу аста-аста» – булар адам парасатын ардактоонун өрнөгү. «Адамдын адамы», «Адам экен», «Адам болуптур» – адамга мындан өткөн бийик баа жок. «Ал адам эмес», «Адамдык сапаты жок», «Адам санынан чыгып калыптыр» – булар адамдык асыл касиетин жоготкондорго чыгарылган бүтүм. Кыргыз үчүн көөнөрбөс дөөлөт, алмашкыс асыл нарк – адамдын кандайдыр бир белгиси: улуту, дини же даражасы эмес, анын адамдык парасаты. Ошондуктан, кыргыздар урпагын «Кыргыз бол» деп эмес, «Адам бол» деп тарбиялайт. Ааламда ар нерсенин чеги бар, асты Адам болуунун чеги жок. «Адам болуу аста-аста» жүрөт. Ал үчүн Адам болууну каалоо, анан талбаган мээнет, тайманбаган эрк керек. Адам чечкиндүү кадамдарды жасоо менен гана Адам болуп өсүп-жетилет” (Сабыр Иптаров).

Сабыр агай мансап үчүн кандайдыр бир жогорку кызматка байланбады, же болбосо кандайдыр бир илимий даражага, наамга да көӊүл бурбады. Ал өзү илимдин доктору, профессор болбосо да, канчалаган докторлордон, профессорлордон илимий деӊгээли жогору болчу. “Дискуссиянын, илимий полемиканын абдан дулдулу болгон. Ал дайым өзүнүн күчтүү аргументтери, далилдүү фактылары менен илимий талкууларда өзүнүн позициясын так, айкын далилдеп, коомчулукту окумуштууларды абдан ынандыра алган күчтүү касиетке ээ болгон” (Назаркул Ишекеев).  

Сөздүн маанисин тереӊ түшүнгөн, сөздү кадырлап, барктап, “эн тамгаларды изилдеп, ошонун артынан бир ойду көрүп, ошону менен кандайдыр бир келечекти аныктаган, анализ жүргүзгөн кишилердин бири эле” (Абакир Мамытов).

Оозунан төгүлгөн ар бир сөзү нускалуу, тереӊ маӊыздуу болчу. Өзгөчө элдик педагогиканын бай мурасын бүгүнкү жашоо образына айкалыштырып түшүндүрүүсү кишини таӊ калтырбай койбойт болчу. Агайдын мындай касиети Жараткан ыроологон тунук акылмандыгынан, даанышмандыгынан кабар берип турчу. Муну жаземдебей байкаган жазмакерлер кандай маселе болбосун, Сабыр агайды сөзгө тартууга ынтызар болушчу. Арийне, “агайдын өзгөчөлүгү журналисттер үчүн абдан чоң табылга болчу” (Асылбек Жоодонбеков).

Сабыр агай өзү билим берүү тармагында иштегени менен, бардык тармактагы адамдарга бирдей мамиле жасачу. “Жумуш ордуна келген учурунда Сабыр бир күн ишкерлер менен олтурса, экинчи күнү музыканттар, үчүнчү күнү журналисттер, башка бир күнү таптакыр башка тармактагы адамдар менен баарлашып олтурганын” (Акматалы Алимбеков) кесиптештери айтып таӊ калышчу.

Арийне, коомдук иштерге кызуу катышып, өзгөчө “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун жана “Шоокум” журналынын редакциялык жамаатына акыл-кебин аябай, дайыма жаштарга жан тартып, жанында болду. Фонд 2000-жылы түзүлгөн мезгилде коомдук турмушта толгон-токой социалдык-экономикалык, руханий көйгөйлөр бар болчу. Буларды чечүүдө агай конкреттүү сунуштарын айтып, өзү дагы айрым иш-чараларга катышып биргеликте иш алпарып жүрдү. Мунун айкын далили Сабыр Иптаров башында турган фонддун жыл сайын уюштурган республикалык илимий практикалык симпозиумдарында так көрүнүп турду.

Жаштардын көөдөнүнө көк таштай уюган кайгы-муңун, ата-журттун ыйыктыгын, эл күткөн жаңы муундун дартын коомго жеткирүүдө эч кандай саясий, же болбосо материалдык кызыкчылыкты көздөбөгөн “Шоокум” журналы 2005-жылдын ноябрь-декабрь айларында жарыяланып баштаганда, бул жакшы ниеттеги самаалыкты биринчилерден болуп Сабыр Иптаров агай колдоп чыкты. Журнал ар бир санында маанилүү маселелерди көтөрүп, кызыктуу рубрикалары менен кыска убакыттын ичинде окурмандардын көңүлүн буруп, окумдуу, пайдалуу болушунда агайдын нар көтөргүс чоң салымы бар эле.  Тилинде накыл кеби бар, өтмүштүн сабагы менен, учурдун үлгүлүү жетишкендиктерин жуурулуштуруп, келечекке көсөмдүк менен карай алган, интелектуалдык деңгээли жогору жазмакерлердин жоон тобунун сап башында Сабыр агай турду. Редакцияга тез-тез келип, журналисттер менен көпкө баарлашып турган. Ал киши сүйлөгөндө баарыбыз муюп угуп, ар бир сөзүнө маани берчүбүз. Биз менен баарлашкан соң ошол күнкү айткандарын кагазга түшүрүп, эртеси күнү кайра макала түрүндө көтөрүп келчү. Журналыбызга “Талчоку” деген рубрика ачып, ар бир санда жарыяланып турду. Бул рубрикада кыргыз элинин дүйнө таанымы, турмуш туткасы, тагдыр тасмасы, таалим тарбиясы терең философиялык ой-жорумдар менен чечмеленип, өзгөчө жаштар үчүн аба менен суудай эле зарыл идеялар айтылчу. Талчоку рубрикасында жарыяланган макалалардын топтому “Шоокум” журналы тарабынан “Кыргыз жан дүйнөсү” деген аталышта 2012-жылы китеп болуп да жарыяланды.

Анан, албетте, агайдын улуттук эн белгилерди калыптардырууда опол тодой орду бар эле. Арийне, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун, Бишкек шаарынын гербин көргөн ар бир адам “Сабыр” деген ысымды эстебей койбойт.  Анткени “Туунун идеясын, айрыкча, туудагы түндүк идеясы, бул – Сакемдин идеясы болчу. А чынында, тууну кармап турган нерсе – ошол түндүк” (Садык Алахан). Ал эми “Туунун түсүнүн мааниси, бул – өмүрдүн, чыдамкайлыктын, эрдиктин белгиси, ал эми туунун ортосуна түндүктүн түшүрүлүшү тууралуу “элибиз бир түндүктүн алдында бейпил турмушта жашасын, түндүк аркылуу коломтого кут түшүп турсун деген тилекти туюнтат” деп, агай өзү чечмелеп берчү” (Аман Кармышаков). Ошондуктан “Мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси болгон, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу желбиреген сайын илимпоздор, педагогдор, маданият кызматкерлери жалпы кыргыз журтчулугу, Сабыр Иптаровдун эмгегин эскерип турушат” (КРнын президенти Алмазбек Атамбаев).

Ооба, кыргыз туусу желбиреп турган чакта, Сабыр агайдын элеси эч качан унутулбайт.

Ардактуу Сабыр агай! Бүгүн биз сизди эстедик. Өмүрлүк жарыӊыз Бурул эже, уулуӊуз Адил, кесиптеш досуӊуз Акматали агай келишти. “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун кеӊсеси менен “Шоокум” журналынын редакциясы сиздин ысымыӊыз менен кубанычка бөлөнүп, 20-ноябрь күнү туулган күнүӊүздү, 60 жаш кушубак курагыӊызды белгиледик. Бул кеӊседе канча жолу сиз менен чогуу туулган күн тосподук беле... Канча жолу түн оодарып баарлашып, сырдашпадык беле... Бүгүн сиз арабызда эмес элеӊиз. “Шоокум” журналынын сиздин 55 жылдык торколуу тоюӊузга арналган атайын чыгарылышы менен (№11 (63), ноябрь, 2011), журналдын “Талчоку” рубрикасындагы макалаларыӊыздын топтомунан турган “Кыргыз жан дүйнөсү” китебиӊизди колубузга алып, сиздин бизге калтыган асыл мурасыӊызды дагы бир ирет эске салдык. “Ыйык Ата Журттун” жаштарына сиздин асыл бейнеӊизди айтып берип, элибизге сиздей асыл адамды тартуулаган Жаратканга ыраазы болуп, бир тараптан толкунданып ыйласак, арабыздан эрте кеткеӊизди эстеп кайгырып да алдык. Сиз биздин жан дүйнөбүздө дайыма жашай бересиз!

Сиз биз менен коштошкон күнү Жараткандын мээрими нөшөрлөп төгүп турду. Сизди борбор калаабыздын түндүгүндө желбиреп турган Туунун жанына алып барып, акыркы сапарга узаттык. Сиз жамгыр менен кошо касиеттүү жерге сиӊип кеттиӊиз. Сиздин тилегиӊиз дайыма таза адам бойдон калуу эле.

“Биздин жолубуз – күрөш, тиреш эмес, өзүбүздү алга сүрөш. Биздин оюбуз – бузуу, талкалоо эмес, сактоо, калкалоо. Биздин таянганыбыз – байлык, бийлик эмес, ата салты, эне адеби. Биздин кебибиз – монолог эмес, диалог. Биздин багытыбыз – саясат эмес, ыйман-ынсап, ынтымак-ырашкерлик. Биздин дилибиз – жек көрүү эмес, боорго тартуу. Биздин тилегибиз – чоң кызмат алуу эмес, мекенге чоң, кызмат кылуу... Булар – биздин аталар салган жолдун чыйыры.

Бизге сенде төрөлүүнү, сага кызмат өтөөнү, сенде жай алууну буюрган Жаратканга чексиз ыраазылык!

Түбөлүк тур, касиеттүү Ала-Тоо!

Арыба, айкөл Кыргыз эли!

Бар бол, ар улуттун мекендеш атуулдары!” (Сабыр Иптаров)

Мына бул сиздин аруу тилегиӊиз болчу!

Сейитбек Идирисов

sabyriptarov.ucoz.org


Смотрите также

KDC-Toru | Все права защищены © 2018 | Карта сайта