Это интересно

  • ОКД
  • ЗКС
  • ИПО
  • КНПВ
  • Мондиоринг
  • Большой ринг
  • Французский ринг
  • Аджилити
  • Фризби

Опрос

Какой уровень дрессировки необходим Вашей собаке?
 

Полезные ссылки

РКФ

 

Все о дрессировке собак


Стрижка собак в Коломне

Поиск по сайту

Аялдар жашоодон ишенимдүү болгусу келет. Аялдар журналы


Талиптер аялдар үчүн журнал чыгарды

Радикал топтор жаңы технологиялар менен интернетти колдонуп, аялдарды өз катарына тартып жатканы белгилүү.

Пакистандагы таасирдүү радикал топтор аялдарды өз катарына тартуу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда. Согушкерлердин стратегиясына ылайык аялдарга негизинен экстремисттик идеологияны жайылтуу милдетижүктөлөт.

1-августта “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бөлүгү саналган “Техрик-е-Талибан” тобу аялдарга арналган “Хауланын сүннөтү” деген аталыштагы журнал чыгарды.

“Пакистандык талиптер кат-сабаты жоюлган билимдүү, бирок жашоосуна нааразы аялдарды бутага алып, аларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракеттенип жатат” дейт жергиликтүү журналист Омар Варайч. Ал муну менен “Ислам мамлекети" террордук тобу демографиялык көбөйүүнүн эффективдүү жолун тапканын” белгилейт.

“Техрик-е-Талибан” тобу буга чейин урду жана англис тилдеринде макала-баяндарды жарыялап, аялдардын кайсы бир катмарын кызыктырып келген.

Жаңы жарык көргөн 45 беттен турган журнал “аялдарды ойготуп, ислам үчүн ыйык жүрүшкө үндөйт” деп билдирет согушкер топ.

Англис тилинде чыккан журнал

Пакистандагы “Талибан” жана “Ислам мамлекети” радикал топтору башка экстремисттик уюшмалардай эле өлкөнүн өзүндө жана сыртында аялдарды азгырып, бул үчүн жаңы технологиялар менен интернетти оңтойлүу пайдаланып келет.

Жүздөгөн мусулман аялдар Сирия менен Ирактагы радикал топтордун катарына кошулуп, согушкерлер менен никеге туруп, алардан төрөлгөн балдардан куралчан жоочулардын жаңы армиясы түптөлүп жатканын эксперттер эскертишет. Ошондой эле от күйүп жаткан согушту аралап, курал кармап жүргөн аялдар дагы бар.

“Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдан тарта басып алып, халифат жарыялаган жерлерде жергиликтүү аялдар уурдалып, зордукталган фактылар аныкталган.

Исламчыл согушкерлердин ишмердигин иликтеген Торе Хэммингдин айтымында, талиптер “Ислам мамлекетинин” жалгыз бой жана үй- бүлөлүү аялдарды бирдей азгырып, катарына тартканын жогору баалайт.

 

Хэмминг талиптердин аялдар үчүн чыгарган журналын экстремисттик топтор учурда колдонуп жаткан ыкмалардын бири деп түшүндүрөт.

“Соңку кезде жихадчылар массалык маалымат каражаттарын кеңири колдонуп, бир нече тилде ар кандай топторго, анын ичиндерге аялдарга түз кайрылууну үйрөнүштү”. Пакистанда жарык көргөн журнал аялдарды азгыруу менен аларды радикалдык топторго тартууну көздөйт, – дейт Хэмминг.

Пакистандык саясий комментатор Марви Сивид соңку кезде радикал топтор Фейсбук жана Телеграм сыяктуу социалдык сайттар аркылуу кеңири пропаганда жүргүзүп, аялдарды торуна түшүрүп жатканын баса белгилейт.

Адистердин пикиринде, соңку кезде жихадга чакырган макала-баяндардын саны гана эмес таасири улам күчөп баратат. Маселен, аялдардын үй-бүлөдө таасири күчтүү болгондуктан экстремисттик идеологияны таратууда өзүнчө бир "көрүнбөгөн армиянын" ролун аткарат.

Талиптердин жаңы чыккан журналында “Техрик-е-Талибан” тобунун лидери Молдо Фазлулланнын аялы менен маек сунушталат. Аты-жөнү жазылбаган аял 14 жашында күйөөгө тийгенин айтып, Пакистанда жашы жете электердин никеге туруусун чектеген мыйзамды сындайт. “Балакатка жеткен уландар менен кыздардын бир топко чейин жалгыз жүргөнү биздин коомдогу моралдык бузукулуктарга жол берүүдө” деп ой жоруйт экстремисттик топтун башчысынын аялы.

Журналдын бетинде аял жихадчылар үчүн дагы атайын кеп-кеңешке орун берилет. “Үйүңөрдө жашыруун жыйындарды уюштуруп, силердин ишенимиңерди бөлүшкөн жихадчы эже-сиңдилерди чакыргыла” дегенге улай эле “эже-сиңдилерге атайын машыктыруучу курстарды уюштургула. Курал-жаракты кантип колдонгонду билгиле, граната ыргытканды үйрөнгүлө” деп жазылган.

Ошондой эле атайын рубрикада жогорку билимдүү пакистандык догдур аялдын эмне үчүн жихад жолуна түшкөнүн чечмелеген баяны дагы камтылган.

birge.info

25-Хиджаб кийбегендин зыяны - Кыргызча Ислам китептер дүйнөсү

ОРОНБОГОН ХИЖАПСЫЗ АЯЛ"

Улуу Алланын элчиси (сав) : قال صلى الله عليه وسلم : ( نساء كاسيات عاريات مائلات مميلات رءوسهن كأسنمة البخت المائلة لا يدخلن الجنة ولا يجدن ريحها) رواه أبو داود ( Ачылган жарым жыланач, керилип ойсондоп басып, баштары тоонун оркочундой ийилген аялдар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт) деп айтат . Абу Дауд рываяты. Башка имам Ахмад, Абу Дауд, Тирмизий жана Ибни Маажа рываят кылган хадисте : " Айыз коруу жашына жеткен аялдын намазы озун (хижап ) менен тосмой сайын окууган намазы кабыл кылынбайт ) деп айтат. Чындыгында азыркы онуккон илим изилдоо окмуштуулары изилдеп чыккандай аялдын жарым жыланач болуп ачык журушу аялга ото чон зыян келтирет экен , азыркы учурдагы статистика маалымат каражаттары кабарлагандай эн коркунучтуу рак оорусу эн коп таралганы кобунчо жарым жыланач , ачык жургон аялдардын ачык дене-мучолорундо болуп , айрыкча тар кийимдерди кийинип жургон кыздардын арасында коп учурап жатат экен. " Британиянын табияты " аттуу журналдын жарыясында : " Албетте эн коркунучтуу " Мийлаануума" рак ооруусу алдын рак оорууларынын арасында сейрек кездешчу оору эле , бирок бул рак ооруусу бугунку кундо аябай чон масштабда жаш кыздардын арасында тездик менен жайылып, бул оорууга чалдыккандардын саны осуп баратат, бул рак ооруусу кыздардын буттарында пайда болуп , бул коркунучтуу ооруунун пайда болушунун эн биринчи башкы себеби аялдар кыска жуку кийимдерди кийиши себеп болууда , аялдар зыяндуу факторлорго тосук болуп бере албаган байпак, калгатки, кыска юпка сыяктуу кийимдерди кийип ушул менен бирге аялдардын ачык дене мучолору кун бою кундун зыяндуу нурларына кабылып отуруп арадан бир жылча откондо кийин бул ооруунун амаматтары аста секиндик менен ачыка чыга баштайт" деп айтат. Чындыгында бул "Мийлаануума" рак ооруусу боюнча " Врачтардын журналы " аттуу медитциналык журнал терен изилдеп , ал ооруу боюнча кээнири маалымматтарды чогулткан, албетте бул оору коомчулуктуу каптап келе жаткан айыккыс коркунучтуу оору болуп эсептелет , бир жагынан бул Алланын жазасы болушу мумкун, Алла Таала улуу Курани Каримде ( мушрик каапырлардын ) созун эске салат , алар : بقوله تعالى : (وَإِذْ قَالُواْ اللَّهُمَّ إِن كَانَ هَذَا هُوَ الْحَقَّ مِنْ عِندِكَ فَأَمْطِرْ عَلَيْنَا حِجَارَةً مِّنَ السَّمَاء أَوِ ائْتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ ) سورة الأنفال : 32( Оо жараткан эгерде бул сен тараптан болгон хак чындык болсо , анда биздин устубузго асмандан таш жаадыргын же бизге каттуу азап алып келгин " ) деген эле. Азыркы учурда канчалаган кыздар ачылуунун акибетин билип туруп , ачылышып Алланын азабын кутуп жатышкан сыяктуу, бирок аларга чындыгында Алланын азабы келди же кээ бир турлоруу коркунучтуу рак оорусунда пайда болду , жогоруудагы " Мийлаануума" рак ооруусу жыланач аялдарда пайда болгон эн коркунучтуу рак ооруулардын бири, бул ооруу дене- мочолор кундун зыяндуу нурларына кабылуусунан келип чыгат , аялдын денеси кунго кабылып отуруп , коптогон убакыт ушул абалда калышы кундун нурлары орусча айтканда ( улътрафиолетовый ) даражасына жетип дененин клеткаларын олтурот , бул зыяндуу нурдун денеде кенири кулач жайып кучошуно синтеткалык кыска тар кийимдер жана дениз боюндагы кургактыкта жаланач болуп чомулуудо кийуучу тар кийимдер да оз таасирин берет , бул айбаттуу рак ооруусу алгач дененин копчулук болугун озуно багындаргандан кийин коп отпой денеде кара тегерек сепил турундогу будурлор пайда болуп ачыка чыга баштайт, кээ бир учурларда ото майда болуп быжырап денеде таркап кетиши мумкун , бул оору кобунчо буттан, же шыйрактан же сан тараптан башталып кээ бир учурларда коздон да башталат, кийинчерээк ото тездик менен башка дене-мучолорго таркай баштайт , эгерде денеде бир болук болуп чыкса , ал оз ордунда коп отпой бир нече болук болуп балалап кобойуп кетет, андан кийин биринчилерден болуп сандын устунку болунторундо жайгашкан муундарды жана ливмикалык бездерди жабыркатып, андан кийин кан айлануу системасына чабыл койот , бул ооруу отушуп барып боордо орношуп уюшуп алып боорду жабыркатат, боорду эле зыянга учуратпастан балким дененин башка соок, ичеги сыяктуу болукторундо да капташып алышы мумкун жадакалса бойроко орношуп алып бойрокту жабыркатып мунун натыйжасында денеден кара зара чыга баштайт. Бул " Мийлаануума" коркунучтуу рак ооруусу аялдын эле дене – мучолорун жабыркатып жеп бутурбостон балким кош бойлуу аялдын баласына да отуп кетет, бул оорууга чалдыккан аял копко жашабайт жана бул рак ооруусу башка турдогу рак ооруулары сыяктуу азыркы учурдагы онуккон оор аперация жолдору менен да жок болбойт, мына ушул жерден улуу Ислам шарияты аял затын оронууга хижап кийууго буйургандыгынын хыкмат сыры ачыка чыгат, албетте тар , кыска , жука болбогон баардык денени толук тосуучу калын , узун кийимдерди кийип жургон аял биринчиден озунун уяттуулугун , улуулугун сактаса экинчи тараптан акырет азабынан алдын дуйно азаптарынан сактайт , оор коркунучтуу рак оорууларынан аманда саламматта болот, албетте бул акыйкат илимий ачылуулар акыркы учурдагы илим изилдоо окмуштуулары тарабынан изилденип ачыка чыгып далилденип отурат, ал эми улуу шариятыбыз бул акыйкатты эзелтен эле баяндап белгилеп койгон , эми ачылып-чычылып жарым жыланач жургон аялдар актануулары учун эч кандай шылтоо калган жок. Ушул жерден урматтуу эже –карындаштарыма кайрылып кетет элем , баары уялбастан улуу динибиз буйурган ата-балаларыбыз жакшынакай болуп кийинип келген узун авратты тоскон кийимдерди кийинип журушсо жакшы болмок эле.

kitep.jimdo.com

Талиптер аялдар үчүн журнал чыгарды

Радикал топтор жаңы технологиялар менен интернетти колдонуп, аялдарды өз катарына тартып жатканы белгилүү.

Пакистандагы таасирдүү радикал топтор аялдарды өз катарына тартуу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда. Согушкерлердин стратегиясына ылайык аялдарга негизинен экстремисттик идеологияны жайылтуу милдети жүктөлөт.

1-августта “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бөлүгү саналган “Техрик-е-Талибан” тобу аялдарга арналган “Хауланын сүннөтү” деген аталыштагы журнал чыгарды.

“Пакистандык талиптер кат-сабаты жоюлган билимдүү, бирок жашоосуна нааразы аялдарды бутага алып, аларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракеттенип жатат” дейт жергиликтүү журналист Омар Варайч. Ал муну менен “Ислам мамлекети" террордук тобу демографиялык көбөйүүнүн эффективдүү жолун тапканын” белгилейт.

“Техрик-е-Талибан” тобу буга чейин урду жана англис тилдеринде макала-баяндарды жарыялап, аялдардын кайсы бир катмарын кызыктырып келген.

Жаңы жарык көргөн 45 беттен турган журнал “аялдарды ойготуп, ислам үчүн ыйык жүрүшкө үндөйт” деп билдирет согушкер топ.

Англис тилинде чыккан журнал

Пакистандагы “Талибан” жана “Ислам мамлекети” радикал топтору башка экстремисттик уюшмалардай эле өлкөнүн өзүндө жана сыртында аялдарды азгырып, бул үчүн жаңы технологиялар менен интернетти оңтойлүу пайдаланып келет.

Жүздөгөн мусулман аялдар Сирия менен Ирактагы радикал топтордун катарына кошулуп, согушкерлер менен никеге туруп, алардан төрөлгөн балдардан куралчан жоочулардын жаңы армиясы түптөлүп жатканын эксперттер эскертишет. Ошондой эле от күйүп жаткан согушту аралап, курал кармап жүргөн аялдар дагы бар.

“Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдан тарта басып алып, халифат жарыялаган жерлерде жергиликтүү аялдар уурдалып, зордукталган фактылар аныкталган.

Исламчыл согушкерлердин ишмердигин иликтеген Торе Хэммингдин айтымында, талиптер “Ислам мамлекетинин” жалгыз бой жана үй- бүлөлүү аялдарды бирдей азгырып, катарына тартканын жогору баалайт.

Marry young to avoid moral destruction says #TTP in first women%27s magazine https://t.co/w40YQ82dxl https://t.co/w40YQ82dxl#NAP pic.twitter.com/k7lSmUHrpT

— Ahsan Rizvi (@AhsanAbbasShah) August 2, 2017

Хэмминг талиптердин аялдар үчүн чыгарган журналын экстремисттик топтор учурда колдонуп жаткан ыкмалардын бири деп түшүндүрөт.

“Соңку кезде жихадчылар массалык маалымат каражаттарын кеңири колдонуп, бир нече тилде ар кандай топторго, анын ичиндерге аялдарга түз кайрылууну үйрөнүштү”. Пакистанда жарык көргөн журнал аялдарды азгыруу менен аларды радикалдык топторго тартууну көздөйт, – дейт Хэмминг.

Пакистандык саясий комментатор Марви Сивид соңку кезде радикал топтор Фейсбук жана Телеграм сыяктуу социалдык сайттар аркылуу кеңири пропаганда жүргүзүп, аялдарды торуна түшүрүп жатканын баса белгилейт.

Адистердин пикиринде, соңку кезде жихадга чакырган макала-баяндардын саны гана эмес таасири улам күчөп баратат. Маселен, аялдардын үй-бүлөдө таасири күчтүү болгондуктан экстремисттик идеологияны таратууда өзүнчө бир "көрүнбөгөн армиянын" ролун аткарат.

Талиптердин жаңы чыккан журналында “Техрик-е-Талибан” тобунун лидери Молдо Фазлулланнын аялы менен маек сунушталат. Аты-жөнү жазылбаган аял 14 жашында күйөөгө тийгенин айтып, Пакистанда жашы жете электердин никеге туруусун чектеген мыйзамды сындайт. “Балакатка жеткен уландар менен кыздардын бир топко чейин жалгыз жүргөнү биздин коомдогу моралдык бузукулуктарга жол берүүдө” деп ой жоруйт экстремисттик топтун башчысынын аялы.

Журналдын бетинде аял жихадчылар үчүн дагы атайын кеп-кеңешке орун берилет. “Үйүңөрдө жашыруун жыйындарды уюштуруп, силердин ишенимиңерди бөлүшкөн жихадчы эже-сиңдилерди чакыргыла” дегенге улай эле “эже-сиңдилерге атайын машыктыруучу курстарды уюштургула. Курал-жаракты кантип колдонгонду билгиле, граната ыргытканды үйрөнгүлө” деп жазылган.

Ошондой эле атайын рубрикада жогорку билимдүү пакистандык догдур аялдын эмне үчүн жихад жолуна түшкөнүн чечмелеген баяны дагы камтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

www.azattyk.org

Пайгамбарыбыз аялдарга кандай мамиле кылган?

Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Кимде-кимдин мүнөзү жакшы болсо, ошонун ишеними эң мыкты. Ким аялына жакшы мамиле кылса, ал мыктылардын катарында».

Исламга чейинки коомдордо, аялдар акыйкатсыздыкка, зордук-зомбулукка жана эзүүгө кабылып, баардык укуктарынан ажыраган. Эркектер, алардын акчасын, болгон дүнүйө мүлкүн алдап алып коюшкан. Аял күйөө тандаганга таптакыр укугу жок болуп, күйөөсүнүн, ага акыйкатсыз мамиле жасоодон чектеп турган, эч кандай милдеттери болбогон.

Индустардын коомунда, аялдардын күңдөн айырмасы жок эле. Күйөөсүнө баш ийип, анын карамагындагы буюм сыяктуу болчу. Өзү үчүн чечим кабыл алуу укугунан ажыратылып, күйөөсү кааласа, кумар оюндарына да уттуруп жиберишкен. Күйөөсү каза болгон аял, башка эркекке турмушка чыга алган эмес. Тактап айтканда, күйөөсү өлгөндөн кийин, ал жашаганга укуксуз болуп, күйөөсү кайсы күнү дүйнөдөн өтсө, ал дагы ошол күнү жашоосу менен кош айтышкан. Аялдарды, каза болгон күйөөсүнүн денеси менен чогу өрттөп жиберишкен.

Байыркы кытай коомунда, аялдар эркектердин бийлигине баш урушкан. Өмүр бою күйөөсүнө баш ийип, баардык каржылык жана социалдык укуктардан ажыратылган. Аялдар, укуксуз жандык катары эсептелип, өз тагдырын, турмуш жолун аныктаганга жол берилбей, баардыгын эркек чечкен. Алар билим алганга, таалим-тарбия бергенге татыксыз деп эсептелип, сыртынан кулпуланган үйдө, тиричиликтеги баардык иштерди күн сымал аткарышкан. Кыздар он беш жашка чыкканда, алардын чачы кыркылып, жыйырма жашында күйөөгө берилген. Күйөөнү кыздын атасы тандаган.

Байыркы Римде, аялдар укукка ээ болбой, толук бойдон эркектин бийлигине таандык болгон. Эркектер эмнени кааласа, ошону жасашкан. Баардык бийлик жана ыйгарым укуктар эркектердин колунда болуп, кээ учурларда, өз аялын өлүм жазасына да буюрган.

Арабдар, ислам динин кабыл алганга чейин, үй-бүлөсүндө кыз төрөлсө, аны жамандыкка жоруп, кайгырып, ачууланышкан. Арабдардын эркектери кыздарды жек көрүп, кээ бир араб урууларында, жаңы төрөлгөн кызды тирүүлөй жерге көмүү салты кеңири жайылган. Бул салт ар кандай себептерге (кандайдыр-бир кемчилиги менен төрөлсө же ушак болуудан уялып) жана үй-бүлөнүн коомдогу абалына жараша ишке ашырылган. Ушул боюнча, Кудуреттүү Аллах айтты: «Эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөнсө, анын ачуусу келип, бети карара баштайт. Өзүнө келген «жаман» кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны эмне кордукка салып, же топуракка көмүп таштоо керекпи? Алар кандай жаман өкүм чыгарышат» («Нахл» сүрөөсү, 58-59-аяттар).

Ислам, аялдарды мурда болуп көрбөгөн бийиктиктерге чейин көтөрүп, Кудайдын ырайымдарын жана сыйлыктарын алууда, эркек менен аялдын диний теңчилигин тастыктады. Башка диндерге салыштырмалуу, исламда, аялдардын ээлеген орду өтө жогору. Аларга Ыйык Курандын эң чоң башкы бөлүмдөрү арналган («Ниса» - «Аялдар»). Аялдардын мындай жогорку макамы, дүйнөнүн түзүлүшү менен тыгыз байланышта. Кудуреттүү Аллах баардык жандууларды жубу менен жараткан, болгону, Аллах жалгыз жана Ага теңдеш эч ким жок.

«Эй, адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып, ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!....» («Ниса» сүрөөсү, 1-аят).

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) өтөлгөлүү өмүр жолу, анын насааттары, улуу иштери жана үй-бүлөлүк жашоосу – жогоруда айтылгандарды таасын далилдеп турат. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), аял – бул эркектин жарымы, демек, аялсыз эркектин болушу мүмкүн эмес – деп айткан. Жердеги жашоонун уланышы жана анын өнүгүшү үчүн, Жараткан Аллахтын кепилдиги мына ушунда.

Исламда, аял өтө маанилүү ролду ойнойт. Ал эне, эже, өмүрлүк жар жана кыз. Аларга эркектер тарабынан жасала турган мамиле Жараткан тарабынан белгиленген. Аллах аялдардын макамын жогору көтөрүп, адамзаттын тукумун улоо вазыйпасын аларга тартуулаган. Эч кимибиз, аялдан келип чыкканыбызды тана албайбыз.

Аял-эне. Дин тутунгандарга, биринчи кезекте Жаратканга, андан кийин, жакшылык кылган адамдарга ыраазы болууну буюрган. Жараткандан кийинки, биздин ыраазычылыгыбызга татыктуу, ата-энеден башка эч болушу мүмкүн эмес. Тастыкталган хадисте айтылгандай: «Бейиш энелердин таманынын астында». Демек, энеге болгон мамиле, биздин түбөлүк жашообуздун ырыс-кешиктүү болушун аныктайт. «Бир адам, пайгамбардан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сурады: “Эй, Аллахтын элчиси, адамдардын арасынан ким жогорку даражадагы сыйга жана жакшы мамилеге татыктуу” – “Эне” – деп жооп берди пайгамбар. “Андан кийин ким?” – Жараткандын элчиси дагы бир жолу “Эне” – деди. “Дагы ким?” – “Эне” деп үчүнчү жолу кайталады. “Андан кийинчи?” – “Ата”». Ата-энеге болгон жакшы мамиле, жакшы амалдардын катарына кирет. Аллах жана анын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), баарыбызды ушуга үндөп, аны менен бирге, аялдардын исламда ээлеген жогорку ордун жана алардын жашоодогу маанисин көрсөтөт.

Аял-эже. Эркек адам эжесине жумшак мамиле кылып, ага ар дайым жардам бериши керек. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Аялдар – эркектердин эжелери». Бул жөнүндө Ыйык Куранда да айтылат: «Эй, адамдар! Биз силерди эркек-ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!» («Хужурат» сүрөөсү, 13-аят).

Аял-кыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: «Кимде-ким, кыздуу болуп, аны Жараткан Аллахтан ага жиберилген белектерди берешендик менен берип, тарбиялап, ага камкордук көрсө, анда ал кыз байгерчиликке жеткирип, тозоктон сактап, бейишке жол ачат». Башка хадисте мындай деп айтылат: «Кимде-кимдин эки эжеси же эки кызы болуп, алардын жашоосуна татыктуу шарт түзсө, мен алар менен бейиште бирге болом». Аллахтын элчиси дагы мындай деди: «Кимде-кимдин үч кызы болуп, аларды кийиндирип, ичиндирип, кам көрсө, ал сөзсүз бейишке татыктуу». Ислам, өздөрүнүн кыздарына ырайым кылгандарды мактап, ал үчүн бейиш убада кылынган.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) кызы Фатиманы аябай жакшы көрүп, ал сезими сөзүндө да, ишинде да байкалып турчу. Айша (Аллах андан ыраазы болсун!) айтты: «Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) кызы Фатимага кылгандай мамилени эч кимден көргөн эмесмин. Фатима ага келип калган учурда, ал ордунан туруп, чекесинен сүйүп, өз жанына отургузчу. Ал эми пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) Фатиманыкына барганда, ал ордунан туруп, бетинен өөп, жанынан орун берчү».

Аял-өмүрлүк жар. Өмүрлүк жар – бул Жараткан Аллахтын аманаты, Аллахтын белеги, ал үчүн Ага ыраазычылык билдирип, жубайыңа сый жана урматтоо менен мамиле кылуу керек. Үйлөнүп жатып, Аллах менен келишим түзүп жаткандыгыңызды эсиңизден чыгарбаңыз, анткени, ал үчүн Анын алдында жооп бересиз. Кудуреттүү Аллах Ыйык Куранда айтат: «Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай таратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Анын белгилеринен. Чындыгында, ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар» («Рум» сүрөөсү, 21-аят).

Биздин Эгебиз, Ыйык Курандын саптарында, жубайлардын ортосундагы мамиле боорукерликтин жана махабаттын негизинде түзүлүшүн түзмө-түз көрсөтүп турат. Эркектер менен аялдардын көз караштары дал келип, бири-бирин толуктап турушу зарыл. Үйлөнгөндөн кийин, алардын ортосунда махабат жана боорукерлик жаралат. Жубайлар жакындыктан жана пикир алышуудан канааттануу алып, бири-биринен тынчтыкты табышат. Натыйжасында, алар балдарды төрөп, өстүрүп, өздөрүнө көп пайда табышат.

«…Алар (аялдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула…» («Ниса» сүрөөсү, 19-аят).

Аллах, эркектерге өз аялдары менен татыктуу жашоону буюруп, анын кетирген каталарына ырайымдуулук кылып, кечире билүүгө үндөгөн. Күйөөсү, аялынын жакшы жактарын, сапаттарын көрүүгө басым кылышы зарыл. Күйөөлөрү аялына кам көрүү менен бирге, ар дайым жакшы иштерди жасоого милдеттүү. Аялынын баардык муктаждыктарын күйөөсү камсыз кылат. Тактап айтканда, кийим-кече, материалдык чыгымдар жана башка керектөөлөр. Эркек өзүнүн жана аялынын абалына, жашап жаткан өлкөсүнүн жана доорунун өзгөчөлүгүнө жараша аялын камсыздоого милдеттүү.

Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айткан:

«Чындыгында, бул дүйнө опаасыз, табылган нерсени колдонуп, андан ырахат алганың менен түбөлүктүү эмес. Эң жакшысы, бул дүйнөдөн адептүү, чынчыл жубайды табып, турмуш куруу».

Баардыгыбыздын сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өз аялдарына эч качан кол көтөрүп, аларды чапкан эмес. Аларды эч качан сөз же башка нерсе кемсинтпей, коомдук иштерден бош убактысында, аларга өз колу менен тамак бергенди, үй тиричилигине жардам берип, сүт саап, кийим тигип, бут кийимдерди оңдогонду жакшы көргөн. Эгерде аялдарынын бири, төөгө мине албай жатса, тизелей калып, аларды мингизген, аларга акыйкат мамиле кылып, сүйүү сезимин билдирип турган.

Ислам эркектерди, өз энесине, эже-карындаштарына, кыздарына жана аялдарына кам көрүүнү милдеттендирет. Кудуреттүү Аллах эркек менен аялды, жан дүйнөлөр тынчтанышы үчүн жаратты. Эркек кандай гана бийиктиктерди багынтып, султан же президент болсун, бирок кечкисин үйүнө кайтып келгенде, тосуп ала турган адамы жок болсо, багынткан бийиктигинин баасы, баркы бир тыйынга татыбайт. Заманбап коомдо, үй-бүлөнүн баалуулугу жоголуп, жетимдердин, жалгыз бой аялдардын саны көбөйүп жатат. Көпчүлүгү, Аллах жолуна жихадга чыгуу – бул колуна курал алуу деп түшүнүшөт. Бирок, бүгүнкү күндө Аллах жолуна жихадга (жихад сөзүн арабчадан сөзмө-сөз которгондо – «ынтаа», «тырышчаактык» дегенди билдирет) чыгуу – бул бекем үй-бүлө түзүп, мекенге жана исламга берилген, чынчыл, мээримдүү, айткан сөзүнө турган балдарды жана неберелерди тарбиялап өстүрүү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты:

«Никеге туруу, үй-бүлө куруу – менин сүннөтүм, менин силерге калтырган керээзим. Кимде-ким менин сүннөтүмдөн баш тартса, ал биз менен эмес». «Үй-бүлө куруп, балдарды жана неберелерди тарбиялап өстүргүлө. Кыямат күнүндө, үммөттөрүмдүн саны менен сыймыктанам».

Он төрт кылым мурда, өз үммөттөрүн тарбиялап жатып, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) керээз калтырды:

«Дин тутуучулардын арасында, жогорку адеп ахлакка жана жакшы мүнөзгө ээ болгондор мыктылардын катарында. Ал эми силердин араңардагы эң мыктылар, аялына жакшы мамиле кылгандар. Мен аялдарга мээримдүү мамиле кылууну керээз кылам, анткени, алар эне, эже, өмүрлүк жар жана кыз. Баардыгыбыз энеден жаралганыбызды эсибизден чыгарбайлы».

Мен, баардык эркектерди, аялдар жыл мезгилине карабастан, жүзүнөн бактылуулуктун учкундары жаркырап, сулуу, мээримдүү жана кубанычта болушу үчүн бар аракетин жумшоого чакырам. Эң башкысы, аялдарды сүйүп, аны менен бирге, сүйүктүү күйөө, бала жана жакын тууган болуубуз зарыл.

ummamag.kg

АЯЛДАР СЕКCТЕН БАШ ТАРТА ТУРГАН СЕБЕПТЕР КАЙСЫЛАР?

№294 20-26-июнь, 2008-ж.

– Аялдарды түшүнүп болбойт. Төшөктө бирде жаныңды койбой эсиңди оодарса, бирде туруп себебин айтпай-дебей эле жанына жуутпай калат. Ушундан улам “аялдар кандай учурда төшөктөн баш тартышат?” деп сурайын дедим эле. Роха, Талас.– Америкалык эксперттер аялдардын төшөктөн баш тартуу себептерин изилдеп чыгышкан. Төмөндө анын жыйынтыгы:

  • Өзүн семиз сезет. Эгер ушунусу үчүн төшөктөн баш тартып жатканын байкасаңыз, анда аны жактыраарыңызды, ал сиз үчүн сүйүктүү адам бойдон кала тургандыгын айтып түшүн­дүрүңүз. Эркелеткен сөздөр­дөн аянбаңыз.

  • Аны ичинин көпкөнү (ичтеги газдар) кыйнап жатат. Кээде ушундай майда нерсе деле секске жолтоо болот. Андыктан, ал эшикке чыгып же дааратканага барып бир топко жоголуп келүүсүнө мүмкүндүк бериңиз. Айым мындай учурда ичине саат жебеси боюнча массаж жасап, газдан арыла алат.

  • Этеккири келип жатышы мүмкүн. Мындай болсо, анын ою менен болгонуңуз оң.

  • Ал эски модадагы труса кийип жүрөт. Кээбир айымдар стринг-труса кийип, жыныстык мүчөлөрүн сезгенткиси келбей эски үлгүдөгү труса кийишет. Же модалуусун сатып алууга убактылары жок. Муну түшүнүү керек. Андыктан, чечинүүгө келгенде эшикке чыгып кетип, анын уялбай чечинип алуусуна мүм­күндүк бериңиз.

  • Өзүн кир жана тер жыттангандай сезет. Мындайын байкасаңыз, душка чогуу түшүүнү сунуштоодон ашкан нерсе жок.

  • Ага бир жолку кошулуу жетиштүү. Бир жолу оргазмга жетүү чек эмес экендигин, болгону, каалоо жетишпестигин түшүндүрүү керек.

  • Сизден жаман жыттын чыгып жатышы. Өбүшүп, кучакташып киргенде айымдын мурдуна жаман жыттын урунуусу албетте, каалоосун жоготот. Андыктан, гигиенаны сактап, кошулуу алдында жуунуу керек. Мындайда “сага шире апкелейин” деген шылтоо менен эшикке чыгып, жуунуп келе калыңыз.

ЖАЙЫНДА КАЙСЫ ЖЕРДЕ КУМАРГА БАТУУ АРТЫК? – Көпчүлүк жубайлар секс үчүн эң жакшы орун деп уктоочу диванды эсептешет. Бул бара-бара жадатма көрүнүшкө айланышы толук мүмкүн. Андыктан, төшөк кумары үчүн өзгөчө жайында кандай жерлер ылайыктуу? Мисалы, эстен кеткис сезим тартуулай турган... Кады, Ош.– Адамдын фантазиясынын чеги жок эмеспи. Кээбирлери гаражда, сарайда, чатырда, ашканада, бак ичинде, мончодо жана башка жерлерде секс менен алектенүүдөн канааттануу алышат. Булардан сырткары, табият коюнунда рахатка батуу деген да бар.

  • Ачык асман алдында. Жапжашыл дарак, чөптөр, жалбырактардын шуудуру, бетти аймалаган жел... Мындай учурда эмоцияга эрк бербөөгө да айла жок. Каалоо болсо, түрдүү ыкмаларды колдонсо, рахат көбүрөөк болот. Болгону, түнкүсүн шүүдүрүмдүү токой ичи сыз болоорун эске алуу керек.

  • Пляждагы секс. Жылуу кум, толкундардын шыбыры, кайкып учкан акчардактар... “Жылуу кумда жатуунун өзү сексти эңсетпейт” деп ким айтты? Болгону, чоочун көз­дөрдөн жана кумдун аялдын жана эркектин жанжерине кирип кетүүсүнөн сак болуу туура.

  • Суудагы рахат. Суунун таасири ыкмалардын түрүн колдонууну чектейт. Элдин көзүнөн далдоодо болуу үчүн ээн жер керек же суунун тереңирээк жерине баруу кажет. Болгону, кир жээкте (суу кир болсо) микробдор көп болгондуктан, мындай жерде кошулууга болбойт. Анткени, аялдын “алигиси” сезгенүүгө чалдыгуусу толук мүмкүн.

  • Чөп үймөктө. Чөптө туруп кошулуудан тышкары бардык ыкманы пайдаланууга болот. Болгону, шеригиңиздин чөптөн аллергиясы бар же жок экендигин тактап алууңуздар керек. Анан чөптүн курт-кумурскалар жок жерин тандаган оң.

ГРЫЖА МЕНЕН ТӨРӨӨГӨ БОЛОБУ? – Менин чурайымда грыжа бар. Ал оорутпайт жана сыртка чыгып кетпейт. Мен төрөөнү пландап жаткандыктан, алдын-ала грыжаны алдырышым керекпи же төрөөгө анын залалы тийбейби? Бурма, Ош.– Чурайдын грыжасы, адатта, баланы боюна көтөрүү жана төрөө процессин оордотпойт. Бирок, бул дарыланбай коюуга болот дегендик эмес. Андыктан, хирургга кайрылып, грыжанын чоң-кичинесин тактатуу керек. Эгер врач операцияны сунуштаса, макул болуп, бойго бүтүрүүнү кийинкиге жылдыруу зарыл.

СЕКС УЧУРУНДА КАНДАЙ ЖАРАКАТКА КАБЫЛУУ МҮМКҮН?– Төшөктө жыргалга батуу учурунда тиштегилеп жаракатка кабылтуу же түрдүү ыкманы колдоном деп жатып буттун-колдун тарамышын созуп алуу ыктымал. Бирок, мындан башка да кандай жаракатка кабылуу мүмкүн? Угушума караганда, төшөктөн түз ооруканага түшкөндөр болот экен. Роза, Бишкек.– Сексте катуу кумарланууда адам өзүн коргоону унутуп коёт. Ушунун айынан планетабыздагы адамдардын үчтөн бири дене жаракаттарына кабылышат. Булардын арасында өзүн-өзү жаракатка кабылткандар да бар. Мисалы, айымдар өздөрүн- өздөрү канааттандыруу максатында эмнени гана колдонушпайт?! Врачтар аялдардын “алигилеринен” лампочкаларды, парафин шамдарын, чөнтөк телефондорун жана башкаларды алып чыккан мисалдар көп. Кээде жаракатты төшөктөш шериктер тартуулайт. Мисалы, тиштегилеп, соруп өбүүнүн айынан эртеси канталап, шишип калган эмчектин үрпү, бир нерсеге урунган же тырмак тыткан жердин шишип чыгуусу. Мунун баары дүүлүккөн маалда оорутууну сезүү азая тургандыгынын кесепети. Оралдык сексте да жаракатка кабылуу бар. Мисалы, айым эркектин бел суусун жутканда анысы дем алуу жолдоруна кирип кетип, өмүрүнө коркунуч туулган учурлар катталган. Кээде кышкысын сүйүү оюнунун кызыгына батып, төшөктөн жылып кете берип, көчүктөрүн батареяларга күйгүзгөндөр да кездешкен. Кыскасы, жаракатка кабылуунун түрлөрү көп. Андыктан, төшөк да аяр мамилени талап кылат.

ЖАМБАШТЫ КӨРКТҮҮ КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛУ БАРБЫ?– Менин жамбашым төрөгөнүмдөн соң эле шалпайып калды. “Эми күйөөсү болгон соң көрктүү жамбаштын эмне кереги бар?” деп ойлосоңуздар керек. Мен жакында жумушума кайра барам. Иштеген жерим – абройлуу жумуш. Демек, келбетим (жамбашым да) жакшы көрүнүш керек. Андыктан, жамбашымды мурункудай кантип көрктүү кыла алам? Диля, Бишкек.– Жамбаш чымыр, анан томпоюп жакшынакай көрүнүш үчүн албетте, машыгуу зарыл. Атайын машыгуучу залдарда инструкторлор болгондуктан, алар кантип машыгуу керектигин көрсөтүп беришет. Үйдө машыгууну кааласаңыз, көнүгүүлөр бир топ. Алардын бир нечесин сунуштайбыз:

  • Полго малдаш токунуп отуруп, колду желкеге алуу керек. Бойду түз кармап, эми “баса баштаңыз”. Башкача айтканда, каздын басыгын туурагандай кыймылдаңыз. Бир топ алдыга жылган соң кайра артка кайтыңыз. Көнүгүү 8 ирет кайталанат.

  • Колду алдыга сунуп, түз жатыңыз. Бир бутуңузду тизеден бүгүп, аны көкүрөгүңүзгө алып келиңиз. Эми кезек экинчи бутуңузда. Көнүгүү ар бир бутка 20 жолу кайталанат.

  • Түз жатып, колду алдыга сунуңуз. Эми жамбашты өйдө кө­төрүп, кайра акырындап түшү­рүңүз. Кө­нүгүүнү жасап жатканда баш, колдор жана ийин полдон көтө­рүлбөш керек. Көнүгүү 6-7 жолу жасалат.

Жамбашты көрктүү көрсө­түү жагында жакында АКШда жаңылык пайда болгонун кошо кетели. Башкача айтканда, жамбаш үчүн лифчик ойлонулуп табылды. Идея Карин Харт аттуу айымга тиешелүү. Лифчик ичке тасмалардан турат жана жамбашты тартып, чымыр көрсөтөт. Азырынча бул буюм АКШда гана 30 доллардан сатылууда. Буга суроо-талап көп болсо, мүмкүн, күтө турсак, акырындап бизге да жетээр.

Даярдаган Венера Камалова

www.super.kg

Аялдар жашоодон ишенимдүү болгусу келет

Азиза Марат кызы Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн автордук укугу SPL

Аялдардын өз баласын, жолдошун өлтүргөнү же өз жанына кол салганы тууралуу кабарлар басылмаларда арты артына жарыяланууда.

Кыргыз аялдары үчүн турмуш чынында оорлодубу же алар кыйынчылыкка туруштук бере албай калыштыбы?

Ошто бир жаштагы наристесине кол салгысы келген эне камалды. Анын сыртында жолдошун бычактаган, башка жакындарына зомбулук көрсөткөн же өз жанын кыйган аялдар тууралуу окуялардын аягы тыйылган жок.

Ушул айдын башында Санкт-Петербургда кыргызстандык отуз беш жаштагы келин үч айлык кызын алып жетинчи кабаттан секирген. Өзү дароо мүрт кетип, ымыркайы оор абалда ооруканага түшкөн. Бул боюнча сайтына жарыялаган Орусиянын балдар боюнча омбудсменин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Олег Алексеевден сурадык.

“Биз ымыркайдын атасына оорукана аркылуу өзүбүздүн жардамыбызды сунуштадык. Үй-бүлө тууралуу жеке маалыматтарды айта албайм, ага укугубуз жок. Атасы баланын дайыма жанындабы жокпу билбейм, ал иштейт жана башка дагы баласы бар. Ымыркайдын абалы азыр кандай экенин билбейбиз, жаңы түшкөндө туруктуу оор болчу”, - деди Би-Би-Сиге Алексеев.

Бул суициддин жана үч айлык кызын өлтүрүү аракетинин себеби төрөттөн кийинки депрессия деп айтылууда. “Комсомольская правда” гезити жубайлардын төрт жаштагы кызы да болгонун, кыргызстандыктар Орусияга жакында көчүп барганын жана алардын турмуш-шарты жакшы экенин жазды.

Өткөн жылы болсо эки баласын бычактап өлтүргөн аялдын окуясы коомчулукту нес кылган. Эне балдарын "таза" сактагысы келип ушуга барганын айткан менен адистер анын психикалык саламаттыгынан шек санашкан.

Андан кийин күйөөсүн мүчөлөп өлтүргөн жаш келин тууралуу кабар көп убакка чейин эл оозундагы талкуу темасы болду. 26 жаштагы жогорку билимдүү келин күйөөсүнүн тынымсыз жаман мамилесинен улам ага бычак урганын билдирген.

Аялдардын мындай аракеттери терең изилденип же каттоого алып, статистика түзүлбөйт.

Кыргызстандын акыйкатчы институтунун жалпы маалыматын колдонсок, өткөн жылы 3300дөн ашуун адамга үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган үчүн коргоо ордери берилген. Ал эми үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча 238 иш сотко өткөн. Кылмыштын бул түрү боюнча дээрлик 2400 киши административдик чарага тартылган.

Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, 2015-жылы 112 аял өз жанын кыйган. Бирок бул эркектердикине салыштырмалуу дээрлик төрт эсе аз.

Сүрөттүн автордук укугу z

Акыйкатчы институтунун үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жана гендердик кодулоодон коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова институтта аялдардын кылмышка байланышкан аракеттери Оштогу окуядан соң талкууга алынганын айтып, анын себептерин боолголоду.

“Аялдар өзү эмоцианалдуу деп эсептелет. Алар эмоциясын чыгарып туруш керек. Менимче, кайда чыгарышын билбей калганда ушундай учурлар болуп жатат. Биздин бүгүнкү талкуубузда үй-бүлөсүндө кылмышка барган аялдар токсонунчу жылдары, өткөөл учурга туш келген аялдар болушу мүмкүн деп айтылды. Ал учурда экономикалык жактан да кыйналып, билим берүүнүн багыты да өзгөргөн учур эле. Бул да бир себеп болушу ыктымал”.

Ал эми психолог Самат Аалканов биз угуп жаткан аялдардын тегерегиндеги зомбулук натыйжа гана болгондуктан себебин айтуу кыйын дейт. Ар бир учурдун жагдайы жана себеби окшошпойт. Психолог ошол эле учурда аялдарды жалпылоого мүмкүн болгон табиятына токтолду.

“Аялдарга тынчтык, коопсуздук, жай абал керек. Балким ушул нерселерди сезе албагандыктан жүрүм-турумдары башкача болуп жаткандыр. Балким ошол коопсуздук жетпегендиктен өзүн өзү коргоо үчүн өздөрүнөн эркектик сапаттарды издей башташты. Анын үстүнө азыр заман башкача, жашоодо стресс көп. Ошондой эле аялдар биринчи кезекте келечектен ишенимдүү болгусу келет. Эртең балдарым ачка калбайбы, өзүм ачка калбаймынбы, көчөдө калбайбызбы деген нерсе аларды ойлондурат. Азыркы аялдар ушуну сезбегендиктен агрессия, жек көрүү, ачуулануу пайда болуп жатса керек”.

Психолог аялдардын айрыкча үй-бүлө куруп же балалуу болгондон кийинки учуруна көңүл бурууда. Айтымында, төрөттөн кийин аялдын организми горманалдык жактан өзгөргөнүнө кошумча жоопкерчилиги да күчөйт, турмуштун жүгү оорлойт.

Деген менен улуу муундун өкүлдөрү учурда кыз-келиндер турмушка жеңил караганын, анын түйшүгүнө чыдай албаганын айтышат.

www.bbc.com

АЯЛГА АРНАЛГАН САПТАР, КАЙРЫКТАР...

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

Сен жок болсоң кыска менин кулачым,Аялзаты, сөздүн айтсам ырасын.Бир мээримди күндөн алса адамзат,Экинчисин өзүң төгүп турасың,- деп макаланы Жедигер Саалаевдин 4 сап ыры менен баштагым келди. Жалпы аялзаты жөнүндө кандай гана керемет сөздөр айтылып, ырлар ырдалбаган. Асылзаттарды даңазалаган обондуу ырлар ар бирибиздин жүзүбүзгө жагымдуу жылмаюу тартуулаарында талаш жок.

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.1910-жылы Американын социалист айымдары Копенгагенде өткөн Эл аралык экинчи конференцияга делегат болуп катталышкан. Бул конференцияда Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, съездде отурган бардык аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. 17 өлкөдөн 100дөн ашык аял катышып, Клара Цеткиндин оюн дээрлик баары бир добуштан колдошот. Бирок атайын бир күнгө токтолушпагандыктан, 1911-жылы 19-мартта, 1912-жылы 12-майда белгилешкен. Кийин 1914-жылдан баштап аялдардын эң биринчи жөө жүрүшкө чыккан күнүн – 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы деп белгилешкен.

«АЯЛ ДЕБЕ»Айымдарга арналган бул ыр Анарбек Кайназаровдун калемине таандык. Автордун айтымында, ыр 2006-жылы март айында жазылып, 8-мартка карата кошуналары менен болгон отурушта эң биринчи жолу окуп берген. Кийин “Ыр десте” деген китеби жарык көрүп, ал аркылуу Гүлшайыр Садыбакасованын колуна жеткен. Анан да ыр түп нускасында алты саптан турат.Бул тууралуу Гүлшайыр эже: “Мен бир дүкөндөн ыр китеп көрүп калып сатып алдым. Үйгө барып окуп, ушул ырга көзүм түштү. Дароо Кенжеге айттым. Текстке карата обон жаратып, ал ыр ырдалып калды. Анан да кайырмасын түштөнүп отуруп эле жазып койгом”,- дейт.

«АХ, КАКАЯ ЖЕНЩИНА!» ЫРЫН АЯЛ ЖАЗГАНАялзатына суктанууну чагылдырган эң бир жогорку деңгээлдеги бул ырды ким билбесин. Таң калычтуусу, ырдын автору биз күткөндөй мырза эмес, айым.Орус акыны Татьяна Назарова өзү жазган бул чыгарма тууралуу: “Мен Кавказ жакка барган кезде ал жактагы мырзалар “вах, какая женщина, мне б такую!” деп мага көп тийишишчү. Анан бир күнү ушул сөздү колдонуп ыр жазууну чечтим. Өзүм эле ырды атактуу ырчы Феликс Царикати ырдайт деп ойлодум да, анын мүнөзүнө жараштырып жазып койдум. Бул ыр саптарым композитор Анатолий Разановго тиери менен обону пайда болду. Бирок ырчы Феликске чыгармабыз жетпей, капыстан ошол кездеги эң атактуу “Фристайл” тобуна буюруп, топтун ырчысы Сергей Дубровин ырдап чыккан”,- дейт.

«Я ЛЮБЛЮ ТЕБЯ ДО СЛЁЗ» ЧОҢ ЫЗЫ-ЧУУНУ ЧЫГАРЫП...Тизилген жагымдуу сөздөр, музыканын ырааттуу гармониясы чыгармага “шлягер” деген ат алып келди. Бул ыр 1997-жылы Орусиянын Эл артисти Александр Серовдун аткаруусунда эл алдына тартууланган эле. Аткаруучу ыр тууралуу: “Бул чыгарма мен үчүн андай деле өзгөчө эмес. Бардык ырларымды бирдей көрөм. Чыгарманын жаратуучулары – композитор Игорь Крутой менен ырчы Игорь Николаев. Ошол адамдарга терең ыраазычылык”,- дейт.Жакында эле Сергей Мазаев бул ырды өзгөртүп, бир аз рок стилине жакыныраак кылып ырдап чыкты. Буга чыгарманын аткаруучусу Александр Серов макулдугун берген. Ал эми ырдын жаратуучулары Игорь Николаев менен Игорь Крутой эл алдына ырдалып чыкканда гана угушат. Бул үчүн “ырга олуттуу мамиле кылбадың” деп чыгарманын авторлору Александр Серовго абдан капа.

«O SOLE MIO» ОРУСИЯДА ЖАЗЫЛГАНДүйнөнү багындырган бул ыр 1898-жылы орус графы Поленовдун атайын заказы менен Эдуардо Ди Капуо жана Жованни Капурролор тарабынан жазылган. Авторлорду граф Одессадан жолуктуруп калат да, сүйгөн айымына арнап итальянча ыр жазып берүүлөрүн өтүнөт. Кийинки эле жылы ыр ырдалып чыгып, элге сиңип кете албагандыктан, авторлор ырга болгон укугун 25 лирге (2 доллар) сатып жиберишет. Ошондон кийин «Күнүм менин» («O sole mio») чыгармасын атактуу ырчылар ырдай башташкан да, аялзатына арналган чыгарма дүйнөнү кезип жөнөгөн. Ал эми ырдын жаратуучулары кийин жакырчылыкта жүрүп каза табышкан.

ФИЛИППТИ ЧӨГӨЛӨТКӨН «ЕДИНСТВЕННАЯ МОЯ»Аялзаты үчүн күйүп- бышкан “Жалгызым менин” (“Единствен­ная моя”) деген белгилүү ырды Филипп Киркоровго чейин чыгарманын автору Олег Газманов ырдап эле жүрчү. “Ырдын багын Филипп ачты” деген кептин төркүнү да туура. Бул тууралуу Филипп Киркоров төмөндөгүчө баяндайт: “1995-жылы эле. Сочиге концертке бармакмын. Бирок негедир бир күн эрте барып алдым. Карасам, кечинде Олег Газмановдун концерти бар экен. Бекер убакытты өткөрбөйүн деп барып, концерт көрүп отургам. Бир маалда эле Олег “единственная моя...” деп ырдап калды. Ордумдан тура калып өзүмө “бул менин ырым болот” дедим. Концерттин акырына чейин күтүүгө чыдаган жокмун. Дароо сахнанын артына өтүп, “бул ырды мен да ырдашым керек, ырдоого уруксат бер” деп эле Олегдин алдына чөгөлөй калдым. Ал дагы шашыла “маселе эмес, ала бер” деди. Борборго барып ырды жаздыргыча шашкам”.

«Супердин» сурак бурчу

АЯЛЗАТЫ СИЗ ҮЧҮН...

Айдарбек Сарманбетов, журналист, жазуучу:– Эненин таман алды бейиш делет,Энесиз дүйнө жетим, тозуп кетет.Эрлерди эрдиктерге шыктандырып,Эне, жар, Ата Журтка кубат берет!

Чырмаш Төрөбеков, ырчы: – Аялзаты мен үчүн ааламдагы эң ыйык зат. Аял – бизди жарык дүйнөгө алып келген эне. Аялдарды сыйлоо, урматтоо биз – эркектердин милдети деп билем. Керек болсо аялды ар дайым алаканга салып көтөрүп жүрүү керек.

Канат Абазбеков, диктор:– Аялзаты мен үчүн улуу, ыйык эне, эң кымбат эже, карындаш, анан, албетте, жароокер жар. Ушул адамдар бар, бактым бар. Ар дайым жаныбызда жаркылдаган аялзаты болсун демекчимин. Келе жаткан майрамыңыздар кут болсун!

Замир Арыкбаев, ырчы: – Аял абдан назик болгону менен, дүйнөнүн көркү жана аны тиреп турган күч. Алар ар дайым мээримдүү, сулуу, назик. Ошол себептен аялсыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Жалпы аялзатын келе жаткан жаз майрамы менен куттуктайм!

Алмаз Токторбаев, жеке ишкер:– Эми аялды кандай мактаса да жарашат. Бекеринен “бейиш эненин таманында” деп айтылбаса керек. Аял деген үч тамганын ичинде ааламды титиреткен кереметтүү күч турат эмеспи. Бардык асылзаттарды март майрамы менен куттуктайм.

Нурбек Кашкатаев, студент: – Жайдыр-кыштыр жайлоо жыттуу илеби, Баласында бардык ою, тилеги.Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,Бизди тууган энелердин жүрөгү?- демекчи, энелер, силерсиңер, өмүр берген жашоого. Биз, мырзалар, силерди ар дайым сыйлайбыз.

Бекболсун Жеңишбек уулу, окуучу:– Аялзаты – бизди жашоого алып келген энелер. Ошондуктан аял аттуунун баарын төбөбүзгө көтөрүп жүрүшүбүз керек. Эч качан энелердин көз жашы төгүлбөй, бакыттын нурун чачып жүрө беришсин.

Чолпон Сүйүнбаев[email protected]

www.super.kg


Смотрите также

KDC-Toru | Все права защищены © 2018 | Карта сайта